Дин комиссиясына Ас-Салам фонду техникалык жабдууларды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына техникалык базаны жана кызматташтыкты бекемдөө максатында Ас-Салам фонду тарабынан техникалык жабдуулар тапшырылды. 

КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров кызматкерлерге маалыматтарды иштеп чыгууда шарттар түзүлүп, натыйжалуулугун жогорулатууга заманбап техникалар менен камсыздап жаткан Ас-Салам фондунун директорунун орун басары Акылбек Кемеловго ыраазычылык билдирди.

Берилген 40 даана компьютер КР ДИМКнын борбордук аппаратына, облусттук өкүлдөргө жана КР ДИМКнын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборуна бөлүштүрүлдү. 

Архив