Дин комиссиясы: дин таануу жана теология факультеттеринин мугалимдери менен бирге тегерек стол өткөрүлүп, тажрыйба алмашуу эстафетасы старт алды

2023-жылдын 5-октябрында 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 20.1. пунктун аткаруу максатында Дин комиссиясы мамлекеттик университеттердин дин таануу жана теология факультеттеринин мугалимдери менен бирге (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институту, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус славян университети, Кыргызстан ислам университети) тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарада дин таануу жана теология тармагындагы жаралган көйгөйлөр, анын ичинде дин таануу сабактарын өткөргөн мугалимдер жана профилдик мамлекеттик органдардын кызматкерлери, жарандык коомдун институттары жана башка кызыкдар тараптар үчүн квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын иштеп чыгуу боюнча талкуу жүргүзүштү. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан ушул сыяктуу аянтчаларды уюштурууну улантуу боюнча сунуш билдиришип, тажрыйба алмашуу максатында квартал сайын ар бир жогорку окуу жай тарабынан дин таануу жана теология факультеттерине экскурсия форматында иш-чара уюштуруу пландалууда. Дин таануу жана теология мугалимдеринин тажрыйба алмашуу алгачкы эстафетасы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен башталат.

Архив