Дин комиссиясы тарабынан аалымдар, журналисттер, жаш активисттер, жана жеке ишкерлер кызматташкандыгы үчүн сыйланды

Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн аалымдар, журналисттер, жаш активисттер жана жеке ишкерлер Дин комиссиясынын “кызматташтык үчүн” төш белгилери менен сыйланды. Аалымдар, журналисттер, жаш активисттер Кыргыз жараны иденттүүлүгүнүн, үй-бүлөлүнүн, улуттук нарктын баалуулуктарын диний көз караш менен жарандарга мыйзам чегинде агартуу иштерин жүргүзүшүп, коомго терс көрүнгөн үй-бүлөлүк зомбулуктун баардык түрлөрүн алдын алууда өткөргөн түшүндүрүү иштеринин салымы чоң. Мындан тышкары диний уюмдун өкүлдөрү калктын аярлуу катмарына кайрымдуулук иштерин жүргүзүшүп, көптөгөн коомдук долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келишет.


Сыйлоо аземинин жыйынтыгында катышуучуларга усулдук маалыматтык колдонмолор таркатылды.

Архив