21 сентябрында Дин комиссиясы мамлекеттик жана ЖӨБОго консультациялык жыйын өткөрдү

Дин комиссиясы  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 20-январында № 19-т тескемеси менен 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекетик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын эффективдүү аткарылышын камсыз кылуу  менен бирге кызматташууну күчөтүү максатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү өкүлдөрүнө консультациялык жыйын өткөрдү.


Жыйында Дин комиссиясы тарабынан жогорудгы көрсөтүлгөн Иш-чаралар планын аткаруу жана отчёт тапшыруу методикасы боюнча усулудук презентациялар көрсөтүлүп, ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын светтик принцибин кармануу менен иш алып барууга чакырды. Ошондой эле, Иш-чаралар планынын пункттарын аткарууда башка мамлекеттик органдардагы жаралган көйгөйлөр жана мамлекетибиздеги диний кырдаал боюнча суроолор талкууланып, пикир-алмашуу форматында өткөрүлдү. 


Дин комиссиясы иш-чаранын жыйынтыгында Иш-чаралар планын эффективдүү алып барууга чакырып, катышуучуларга усулдук колдонмолор таркатылды.

Архив