2023-жылдын 14-15-сентябрында «Hyde Park» мейманканасынын конференц-залында (Көк-Жар айылы) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен “Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы иденттүүлүк” долбоорунун алкагында алынган маалыматтарды иштеп чыгуу жана мониторингдин жыйынтыктарын талдоо боюнча эки күндүк тренинг өткөрүүдө.

Тренингди дин жана тынчтык куруу тармагындагы эксперттер Закир Чотаев жана Санжарбек Тажиматов алып барууда.

Тренингдин максаттары – алынган маалыматтарды талдоонун жыйынтыгы боюнча диний чөйрөдөгү социалдык чыңалууну баалоо индикаторлорунун матрицасынын маалыматтары менен иштөөнү өркүндөтүү жана пайда болгон кемчиликтерди жоюу, ошондой эле конфликттерге сезимтал мамиле жана маалыматтарды талдоонун негизинде диний чөйрөдөгү чыр-чатактар жөнүндө алдын ала эскертүү.

Бул иш-чара 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө, анын максаты светтик принципти, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана диний бирикмелердин ишин жөнгө салуу болуп саналат. Бул демилге дин чөйрөсүндө кабыл алынган чечимдердин сапатын күчөтүүгө жана Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалдын абалы жана өнүгүү динамикасы жөнүндө жалпы түшүнүктү калыптандырууга мүмкүндүк берген мониторингдин маалыматтарын талдоого негизделген чыр-чатактарды өз убагында алдын алууга багытталган.

Архив