Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ош шаары жана Талас облусу боюнча мамлекеттик административдик кызмат орунунун улук тобунун кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Улук мамлекеттик административдик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талап:

Жалпы мыйзамдар:


1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
 3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
 4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Билүүсү талап


- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2012-жылдын
 23-мартындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө”; 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы
 № 22 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө;

- дүйнөлүк диндердин негизи.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү 

Программалык зарыл продукт болгон компьютердик жана уюштуруу-техникалык сабаттуулукка ээ болуу (Word, Excel, Power Point, Маалыматтык-укуктук система «ТОКТОМ Мамлекеттик Про»):

Аткара алуусу:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системасын пайдаланууну.

- веб-конференц-байланышын уюштуруу тиркемелерин пайдаланууну.


  1. Ош шаары боюнча мамлекеттик административдик кызмат орунунун улук тобунуна

Кесиптик билиминин деңгээли:

багыты боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илим (теология жана дин таанууга артыкчылык берилет), экономика жана башкаруу (мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга артыкчылык берилет). 


Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш.


Кесиптик компетенциясы:

Аткара алуусу:

аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүүкеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө;

кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

кызыкчылыктардын талаш-тартыштарынан келип чыккан проблемалуу кырдаалдарды өз убагында табуу жана аларды чечүү.

Билүүсү талап:

дин таануучулук эксперттик корутундуну даярдоо үчүн экспертизалоого келип түшкөн адабияттарды талдоо;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү.

- 2019-2023-жылдарга Санариптик Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясынын негизги жоболору жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

электрондук башкаруу жөнүндө;

элелктрондук кол тамга жөнүндө;

жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө.



  1. Талас облусу боюнча мамлекеттик административдик кызмат орунунун улук тобунуна


Кесиптик билиминин деңгээли:

багыты боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илим (теологияга, дин таанууга артыкчылык берилет).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш.


Кесиптик компетенциясы:

Аткара алуусу:

- 2019-2023-жылдарга “Санариптик Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясынын негизги жоболору жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

электрондук башкаруу жөнүндө;

элелктрондук кол тамга жөнүндө;

жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө; 

диний тематика боюнча маалыматтык материалдарды жана докладдарды даярдоо;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары жерине баруу менен министрликтердин жана ведомстволордун региондук өкүлдөрү менен эриш-аркак иштешүү боюнча иштерди уюштуруу;

кызыкчылыктардын талаш-тартыштарынан келип чыккан проблемалуу кырдаалдарды өз убагында табуу жана аларды чечүү;

коюлган милдеттерди өз алдынча чечүү.


Билүүсү талап:

тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды кырдаалдык талдоо жана калыптандыруу;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.

- 2019-2023-жылдарга Санариптик Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясынын негизги жоболору жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

электрондук башкаруу жөнүндө;

элелктрондук кол тамга жөнүндө;

жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага салып тапшыруу керек:
— жеке арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
 — илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); 

— паспорттун көчүрмөсү.

Документтердин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлушү керек.

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2023-жылдын 4-сентябрынан 22-сентябрына чейин саат 9:00 дон - 18:00 го чейин Бишкек ш. Раззаков көчөсү, 2-кабат, 203 каб. дареги боюнча тапшыруусу керек. Сурап-билүү телефону: 0312 90-03-76.

Эскертүү:
 -белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Архив