Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы ачык сынак жарыялайт

            Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык борбордук аппараттына мамлекеттик административдик кызмат орунунун кенже тобунун кадрлар резервине жана Талас облусу боюнча мамлекеттик административдик кызмат орунунун улук тобунун кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт. 


Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:


Жалпы мыйзамдар:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Билүүсү талап


- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2012-жылдын
 23-мартындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө”; 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-августундагы  № 474 “Кыргыз Республикасынын эл аралык, ведомстволор аралык келишимдерди түзүү,  аткаруу жана токтотуу тартиби жөнүндө жобону  бекитүү  тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- Программалык зарыл продукт болгон компьютердик жана уюштуруу техникалык сабаттуулукка ээ болуу (Word, Excel, Power Point, Маалыматтык-укуктук система “ТОКТОМ Мамлекеттик Про”);

- чет тилдердин бирин билүү (англис тилине артыкчылык);


Кесиптик билиминин деңгээли:

- багыты боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илим, экономика жана башкаруу (мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга артыкчылык берилет). 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  - иш стажына талаптар коюлбайт.


Аткара алуусу:

- электрондук каттарды алууну жана жиберүүнү;

- издөө системалары менен пайдаланууну;

- ар кандай браузерлер менен иштөөнү;

- кызматтык этика нормаларын көңүлгө алуу менен социалдык тармактарда туура       өз ара аракеттенүүнү;

- ЖМКдагы басылмалар боюнча диний кырдаалды талдоо;

- кызматтык милдеттерге ылайык өзүнүн ишин пландаштыруу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; 

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- суроо-талаптарга документтерди, маалыматтарды, жоопторду сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерге ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- командада иштөө.



Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:


Жалпы мыйзамдар:


1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
 2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
 3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
 4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Билүүсү талап


- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2012-жылдын
 23-мартындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө”; 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы
 № 22 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө;

- дүйнөлүк диндердин негизи;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Программалык зарыл продукт болгон компьютердик жана уюштуруу-техникалык сабаттуулукка ээ болуу (Word, Excel, Power Point, Маалыматтык-укуктук система «ТОКТОМ Мамлекеттик Про»):

Кесиптик билиминин деңгээли:

- багыты боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илим (теологияга, дин таанууга артыкчылык берилет).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш.


Кесиптик компетенциясы:

Аткара алуусу:

- 2019-2023-жылдарга “Санариптик Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясынын негизги жоболору жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

- электрондук башкаруу жөнүндө;

- элелктрондук кол тамга жөнүндө;

- жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө; 

- диний тематика боюнча маалыматтык материалдарды жана докладдарды даярдоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары жерине баруу менен министрликтердин жана ведомстволордун региондук өкүлдөрү менен эриш-аркак иштешүү боюнча иштерди уюштуруу;

- кызыкчылыктардын талаш-тартыштарынан келип чыккан проблемалуу кырдаалдарды өз убагында табуу жана аларды чечүү;

- коюлган милдеттерди өз алдынча чечүү.


Жөндөмү:

- тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды кырдаалдык талдоо жана калыптандыруу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага салып тапшыруу керек:
— жеке арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
 — илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); 

— паспорттун көчүрмөсү.


Документтердин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлушү керек.

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2023-жылдын 6-июлунан 21-июлуна чейин саат 9:00 дон - 18:00 го чейин Бишкек ш. Раззаков көчөсү, 2-кабат, 203 каб. дареги боюнча тапшыруусу керек. Сурап-билүү телефону: 0312 90-03-76.



Эскертүү:
 -белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Архив