Диний жана этностор аралык чөйрөдөгү социалдык чыңалууну адам укуктарынын призмасы аркылуу баалоо индикаторлорун киргизүү

2023-жылдын 20-21-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору (мындан ары - ДКИБ) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Этностор аралык мамилелер башкармалыгы менен биргеликте БУУӨП колдоосунда “Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы иденттүүлүк” долбоорунун алкагында диний чөйрөдөгү социалдык чыңалууну баалоо индикаторлорунун матрицасын иштеп чыгуу, диний негиздеги чыр-чатакты алдын алуу жана чечүү боюнча практикалык тренинг өткөрүүдө. 

Окутуулар ДКИБ кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустардагы өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер боюнча жооптуу катчыларынын потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулган. 

Демилге диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу жаатында кабыл алынган чечимдердин сапатын жогорулатууга багытталган мониторингдин маалыматтарын талдоонун негизинде Кыргызстандагы диний кырдаалдын абалы жана өнүгүү динамикасы жөнүндө жалпы түшүнүк түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Бул иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Анын максаты дин тутуу жана диний ишеним эркиндигинде адам укуктарын камсыз кылуу менен мамлекеттин светтик мүнөзүн гармониялуу айкалыштыруу жана сактоо болуп саналат. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны - жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууга бир кыйла макулдашылган мамиле жасоого мүмкүндүк берет жана ар кандай иденттүүлүк (диний, этностук ж. б.) боюча коомдун карама-каршы уюлдарга бөлүнүүсүн кыскартууга багытталган.


Архив