Диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алууга, жоюуга багытталган профилактикалык иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2023-жылдын 10-майынан 22-июнуна чейин өлкөнүн 14 районунда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, билим берүү мекемелеринин, социалдык өнүктүрүү органдарынын, диний жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле гендердик теңчилик, балдардын укуктарын коргоо менен алектенген активисттердин катышуусунда кыздардын билим алуу укуктарын жана эрте турмушка чыгуудан коргоо боюнча коомдук диалогдорду өткөрдү. 

Коомдук диалогдор радикализм, экстремизм жана диний негизде келип чыккан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталып, айрым ата-энелердин диний ишенимдеринин таасиринен улам мектепти таштап кетүү маселеси, өзгөчө айыл жеринде абдан актуалдуу экендигин эске алып, катышуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтар берилди.     

Иш-чаралар “Диндер аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында УККУнун колдоосу менен “Социалдык технологиялар агенттиги”, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулду.

Архив