Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы балдарга арналган иш-чара өткөрдү
2023-жылдын 13-июнунда, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык  2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепцияларынын алкагында жайкы диний лагерлердин катышуучуларына «Келечек муундарды тарбиялоо» аталышында иш-чара уюштурду. 
“Азыркы учурда мамлекетибизде өткөрүлүп жаткан ушул сыяктуу бир катар иш-чаралардын Кыргыз жараны Концепциясындагы артыкчылыктуу деп эсептелинген өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандырууда жана Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоодо, толеранттуулукту жогорулатууда жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоодо мааниси өтө чоң”,- деп баса белгилейт КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров.
Иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 21-майында кол койгон  “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыкта белгиленгендей “мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы чыгып жаткандыгы”, бул өңүттө жаш өспүрүмдөрдүн улуттук нарктуулукка болгон көз карашын жаңыртуу жана жандандыруу.  
Жаш өспүрүмдөргө арналган иш-чара “Жаакер” этно-лагери жана Республикалык ат спорту мектеби тарабынан жаа атуу боюнча мастер-класс, ат жабдыктары тууралуу маалыматтар берилип, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.
Архив