КР ДИМКнын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар

  • Билүүгө тийиш:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


  • Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.
  • Компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктылар менен иштөөнү билүүгө, анын ичинде:

- чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө; маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү; эсептөөлөргө байланыштуу сандык маалыматтар менен иштөө; статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды анализдөө.


Квалификациялык талаптар:


  1. Кесиптик билим деңгээли:

- социалдык жана гуманитардык илимдер багыттары боюнча жогорку билим.

2. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы стажы, же тиешелүү адистик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес эмгек стажы;


3. Кесиптик компетенциялар:

Билгичтиги:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө», «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө», « Билим берүү жөнүндө », «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин: 2012-жылдын 23-мартындагы
 № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө», 2015-жылдын 3-ноябрындагы №220 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө», 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы»;

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган конфессиялар боюнча;

- Дүйнөлүк диндердин негиздери.

Жөндөмү:

- дин чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- дин чөйрөсүндө ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- дин маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, алынган маалыматты салыштырып талдоо жана жалпылоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууну билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү ырааттама боюнча көктөмөгө (Дело №) тиркелген документтер тапшырылууга тийиш:

  • өздүк арызы; 
  • сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • өмүр баяны (соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • таржымал (резюме) жарактуу электрондук почтаны, телефонду көрсөтүү менен;
  •  нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимди (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажысы болсо);
  •  окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  •  паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).


Документтер 2023-жылдын 8-июнунан 21-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 114 (309-каб.). Сурап билүү тел.: (0312) 900 944, уюл. (0702) 011-457.

        Маалыматты Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттиктин mkk.gov.kg жана ДКИБ rrs.kg сайттарынан алса болот.


Эскертүү: коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.


Архив