Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча адвокаттардын маалымдуулугун жогорулатуу

2022-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер Планын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматы менен биргеликте Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (мындан ары – МКЮЖ) системасында турган адвокаттарга усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү максатында тегерек стол уюштурду.

Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген объективдүү маалыматтар адвокаттарга өз ишинин жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча кошумча билим берет.

Бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тегерек столдун катышуучуларына маалыматтык-таркатма материалдар таратылды.

Архив