КР ДИМК жер-жерлерде маалыматтык-профилактикалык иш-чараларын улантууда

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу алкагында маалыматтык, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларын улантууда.

Учурда Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин окутуучулук курамы, студенттери, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек шаарындагы, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн жетекчилеринин тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын курсанттары жана офицерлери, Ош Мамлекеттик университетинин, Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинин бардык факультетеринин жана колледждеринин студенттери жана мугалимдери, «Сулайман-Тоо» жана «Абдурахман ибн Ауф» медреселеринин окуучулары катышкан атайын жыйындар, жолугушуулар, тегерек столдор өтүүдө. 

Иш-чараларда Дин комиссиясынын, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан катышуучуларга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамалар жасалып, мамлекеттик башкаруунун светтик принциби, дин тутуу эркиндиги: укуктар жана милдеттер, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары, тыюу салынган адабияттар, улуттар жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жаштардын кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө маселелери талкууланып, укуктук жана усулдук маалыматтар берилди. 

Архив