КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров диний уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын  диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын артыкчылыктуу багыттарын,  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын эффективдүү аткаруу боюнча 2023-жылдын 7-9-мартында Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы диний уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. 

Жыйындарга Сузак районунун акимияты, Жалал-Абад шаардык мэриясы, айыл өкмөттөр, архитектура, мамкаттоо кызматтары, КМДБнын Азирети муфтийинин орун басары А.Сыргабаев, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын казылары, район-шаарлардын баш имам-хатибдери, диний уюмдардын жетекчилери катышышты. 

Жолугушууда диний объекттерди эсептик каттоодон өткөрүүнү тездетүү, эсептик каттоодон өтпөгөн диний уюмдарды жана объекттерди ишке берүүнү токтотуу, салттуу исламды жайылтуу, диний кырдаалды туруктуу сактоо, радикалдашуунун алдын алуу, диндер жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана чыр-чатактарды болтурбоо, ысырапкорчулукка каршы  күрөшүү, эрте никелерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, КР Эмгек кодексинин жумуш күндөрү боюнча талаптарынын сакталуусун камсыз кылуу маселелери талкууланып, тиешелүү тапшырмалар, сунуштар берилди.

Архив