“Ак калпак” күнү салтанаттуу белгиленди
Бүгүн,  Бишкек шаарында   Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте уюштурулган "Ак калпак" күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. 
Салтанаттуу иш-чара жөө жүрүшү менен башталып, маданий иш- чаранын расмий бөлүгү Улуттук тарых музейинин астында уланды.
Майрамдык кечеге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын  Муфтийи Замир кары Ракиев, Ак калпак күнүн майрамдоо демилгесин көтөргөн белгилүү кинорежиссёр Рысбек Жабиров,  коомдук маданий ишмерлер, Кыргызстандагы түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары, жаштар жана алыс жакындан келген коноктор катышты.
 Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирди. 
 “Ак калпак байыртадан бери, канчалаган доорлорду басып, атадан балага өтүп келе жаткан улуттук мурасыбыз.Ак калпак – ак мөңгүлүү, ак кар, көк муз баскан Ала-Тообуздун, бийиктиктин жана тазалыктын символу.Кыргыздын жигиттери калпагын башынан түшүрбөй, ардактап кийип келишкен. 
2011-жылдан бери 5-март калпак күнү катары белгиленип келе жатат. Бул абдан жакшы жөрөлгө деп айтаар элем. Себеби, ааламдашуу доорунда ар бир эл өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн сактап калуусу керек. Улуттук баш кийимибиз болгон калпак дагы кыргыз элинин маданий мурасы болуусу менен бирге улуттук иденттүүлүгүбүздүн бир символу болуп саналат. 
Бүгүнкү калпак күнүнө карата уюштурулуп жаткан иш-чарада жаштар, сутденттер жана конфессиялар аралык кеңештин мүчөлөрү келип улуттук баш кийимбизди даңазалап турушат.
Бул жердеги бардык коноктор мекенге болгон сүйүүсү, улуттук баалулуктарды сыйлоо менен толеранттуу, патриот, эмгекчил, чынчыл, өз-ара кызматташа алган бекем коомчулукту куруу үчүн келишти деп ойлойм. 
Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун, элибизде аманчылык, тынчтык, өнүгүү болсун! ” -деп, КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров жалпы кыргыз элин бүгүнкү 5-март Ак калпак күнү менен куттуктады.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин астында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулган. Майрамдык кече жалпысынан 500 дөн ашык кишинин катышуусунда өттү.
Архив