КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору жана Кувейттин элчиси кызматташуу маселелерин талкуулашты
Бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кувейт Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омар Ахмед Аль-Кандари мырза менен жолукту. Жолугушуунун алкагында диний чөйрөдөгү кызматташуу, кувейттик кайрымдуулук фонддорунун Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрү талкууланды. 
 Ошондой эле, Элчи Омар Ахмед Аль-Кандари мырза диний чөйрөдө кызыкдар болгон бардык маселелер тууралуу талкуулоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 
 Эки мамлекеттин ортосунда өз ара мамилелер жогору экендигин эки тарап белгилешти.
Архив