Жарлык боюнча маалыматтык түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү

2022-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Нарын облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Жарлык боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иш-чаранын катышуучулары менен талкууларды өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев, Нарын шаарынын мэриясынын, аймактагы ар түрдүү диний уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Архив