Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ал 1957-жылда орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-Араб Ислам медресесине окууга тапшырган.  1962-1966-жылдарда Советтер Биримдигинин (Советтер Союзунун) Ыраакы Чыгышында Аскердик Деңиз флотунда кызмат өтөп, аскерден кайткан соң Мир-Араб Ислам медресесиндеги окуусун улантып, 1971-жылда ийгиликтүү бүтүргөн.

1971-1976-жылдарда Ташкендеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкери болуп эмгектенген.

1976-1980-жылдары Иорданиянын борбору Амман шаарындагы Иордан мамлекеттик университетинин Шарият факультетин бүтүрүп, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариятынын адиси деген диплом алган.

1980-1982- жылдары “Советтик чыгыштын мусулмандары” журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек тили вариантынын редактору, 1982-1986-жылдары Кимсанбай ажы Бухара шаарындагы Мир-Араб Ислам медресесинин директору болуп иштейт.

1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармасынын «Фатва» бөлүмүндө эмгектенип, 1990-жылдын мартынан 1992- жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы — Казы кызматын аткарат.

1992- жылы Кыргызстан мусулмандарынын 1-Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын түзүлүп, анын төрагасы (Муфтий) Кимсанбай ажы Абдурахманов дайындалат.

Муфтий Кимсанбай ажы 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачып, медресени 1993-жылы Ислам Инситутуна өткөрүп, окуу программаларын да жогору даражага көтөрөт. Ошол эле жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да Ислам медреселери ачылып иштей баштайт. 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон биринчи жолу 450 киши Кыргызстандан Саудия Аравиясына ажылыкка барышкан. 

Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны миңден ашты. Кимсанбай ажы эки жолу Кыргызстан Мусулмандарынын Муфтийи болгон. 

2004-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам хатиби, ал эми 2008-жылдын апрелинен баштап, Бишкек шаарындагы жаңы курулган Мусакан төрө мечитинде имам хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү иштеди.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров жана жалпы жамааттын атынан маркумдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Архив