Бишкекте конфессиялар аралык марафон жарышы өтүүдө

Бүгүн, 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Бишкек шаарындагы диний уюмдардын катышуусунда “Күч биримдикте” ураан астында конфессиялар аралык марафон жарышын өткөрүүдө. 

“Бүгүн биз конфессиялар аралык кеңештин алкагында салтка айланган кезектеги иш-чараларды чогуу өткөрүп жатабыз. Өткөн жылы биз 3 км аралыкка чуркадык, бул жолу эстафета форматында өтүүдө. Жыл сайын биздин иш-чара чоң мааниге ээ болуп баратат”, - деп белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров.

Иш-чара 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында, конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөөгө, ар кандай ишенимдерге жана дүйнө таанымдарга сый мамиле кылууга,  толеранттуулук, диний сабырдуулукка чакырган жана сергек жашоого үндөөгө багытталган. 16 команда катышып жаткан марафон эстафета форматында өткөрүлүүдө.

Бул иш -чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Архив