КР ДИМКнын директору Т.Абдыкаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарында

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Бириккен Араб Эмираттарынын Ислам жана кайрымдуулук иштери боюнча башкы башкармалыгынын директору доктор Мухаммад Матар Салим Аль-Каабинин чакыруусу менен расмий иш-сапарда жүрөт.

 Иш-сапардын жүрүшүндө Тойгонбай Абдыкаров Бириккен Араб Эмираттарындагы Фатва боюнча кеңеш берүүчү ишеним борборуна жана Куран үйрөтүү борборунун иш-аракеттери менен таанышып, мындан ары эки тараптуу кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ислам жана кайрымдуулук иштери боюнча башкы башкармалыктын өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбоорун талкуулашты.

Архив