Кыргыз жараны концепциясын жайылтуудагы диний ишмерлердин ролу

Бүгүн, 29-сентябрда, Бишкек шаарында «Кыргыз жараны» концепциясын жайылтуудагы диний ишмерлердин ролу” темасынын алкагында координациялык жолугушуу өткөрүлдү. 

“Мамлекеттин  ар тараптан өнүгүүсү жана коомдун ынтымакта, биримдикте, тынчтыкта жашоосу үчүн диний баалуулуктар да мааниге ээ. Себеби, учурдун талабына ылайык диний ишмерлердин ролу коомубузда, айрыкча жаштар арасында алдыга чыгууда. Ошондуктан диний ишмерлер Кыргыз жараны катары жоопкерчиликтүү, билимдүү, бардык нерседен кабардар болуусу жарандык иденттүүлүгүн калыптандырууда иш алып баруусу өтө маанилүү”, - деп баса белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров.

Координациялык жолугушуунун максаты - 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз жараны» концепциясынын негизинде мамлекеттин социалдык, маданий жана руханий жактан, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан уюмдардын, эксперттердин бул тармакта ишке ашырып жаткан долбоорлору жөнүндө маалыматтуулугун кеңейтип, жүзөгө ашырууда долбоорлордун максаты менен милдеттерине натыйжалуу жетүү үчүн биргелешип иш алып баруу. 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору БУУнун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасынын колдоосу менен, диний чөйрөдө долбоордук иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, диний жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттери менен биргеликте уюштурулду. 


Архив