КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов менен жолугушту

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров Москва Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Ильдар Аляутдинов менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында диний чөйрөдөгү кызматташуу, диний жана этникалык таандыгы боюнча, дискриминациянын бардык түрлөрүн алдын алуу маселелеринин ишке ашырылышы, өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык радикалдык жана экстремисттик идеяларды жайылтпоо, ошондой эле диний билим берүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар жана бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн өнүктүрүү багыттары талкууланды.

Архив