2021-жылга карата диний уюмдар тарабынан ишмердүүлүгү тууралуу отчет тапшыруулары боюнча

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан
 ары – Мыйзам) 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (мындан ары – Динкомиссия) 2017-жылдын 24-январындагы № 20 буйругу менен бекитилген формаларга ылайык диний уюмдар ар жылы Динкомиссиясына жана анын аймактык органдарына өзүнүн иш-аракеттери камтылган отчетторду берүүгө милдеттүү деп белгиленген.

                2021-жылга карата диний уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча тапшырылган отчеттор Динкомиссиясы тарабынан каралып, отчет бербеген диний уюмдарга расмий жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилди. 

Ушуга байланыштуу, 2021-жылга карата диний ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчет тапшыра элек тиешелүү диний уюмдар Мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттө отчетторун Динкомиссиясына тапшыруу керектигин белгилейбиз.

Архив