Казакстанда Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII Съезди өтүүдө

2022-жылдын 14-15-сентябрында Казакстанда Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII Съезди өтүүдө. Съездге дүйнөнүн 50дөн ашуун  өлкөсүнөн 100дөй  делегация чакырылган.

Иш-чаранын максаты глобалдык тынчтыкты чыңдоого, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана диндер аралык кызматташтыкты арттырууга үндөп, ошондой эле дүйнөлүк жана салттуу диндердин өкүлдөрүнүн актуалдуу глобалдык маселелер боюнча мазмундуу диалогу үчүн ачык аянтча түзүүгө багытталган.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев, Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын Епископу Савватий катышууда.

Ошондой эле Рим папасы Франциск, Египеттеги Аль-Азхар университетинин дин аалымы имам Ахмет Тайып, Казакстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы Наурызбай Таганулы, Россия Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана Россия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы  Равиль Гайнутдин, Тажикстандын Уламалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдукодирзода, Кавказ мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы Аллашүкүр Пашазаде, Египеттин Вакф министри Мухтар Жума, Сауд Арабия Падышалыгынын Ислам иштери боюнча министри Абдулатиф ибн Абдулазиз аш-Шейх, Москва жана бүткүл Россиянын Патриархынын викары митрополит Антони Волоколамский, Израилдин башкы сефард раввини Ицхак Иосиф жана диний ишмерлер катышып, баяндамаларды жасоодо.

VII Съезддин жыйынтыгы боюнча Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлери декларация кабыл алышат.

Архив