Жалал-Абад шаарында Конфессиялар аралык кеңештин жыйыны өттү

Бүгүн, 6-июлда Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) тарабынан Дин таануучулук изилдөөлөр борбору менен биргеликте уюштурулган Жалал-Абад облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңештин алгачкы отуруму болуп өттү. 

Иш-чарага КР ДИМКнын, КР  Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, аймактагы отуздай ар түрдүү диний уюмдардын, окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо    маселелери боюнча баяндамалар жасалды.

Архив