Ош шаарында Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар Планын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Ош шаары жана Ош облусу боюнча  ар түрдүү диндердин жана конфессиялардын өкүлдөрүнө Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Иш-чаранын максаты - диндер аралык диалогду бекемдөө жана ар кандай диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү алга жылдыруу болуп саналат. Ошондой эле, иш-чаранын программасында топтук иштерди жүргүзүү, диний маселелер боюнча презентацияларды жана сунуштарды көрсөтүү каралган.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Архив