Конфессиялар аралык кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын маданий, диний жана тарыхый жерлерине таанып-билүү туру

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2022-жылдын 21-23-июнунда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык Кеңсесинин колдоосу менен Конфессиялар аралык кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын маданий, диний жана тарыхый жерлерине таанып- билүү турун уюштурду. 

Бул иш-чаранын негизги максаты - 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар Планын ишке ашыруунун алкагында диндер аралык диалогду түзүү, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу.

Программанын алкагында Имам Сарахси атындагы борбордук мечитке, Ыйык Архангел Михаилдик приходуна, Ыйык-Воскресенск кафедралык собору жана башка диний объекттерине тааныштыруу экскурсиясы болуп өттү. Ошондой эле, Чүй, Ысык-Көл облустарында жайгашкан диний объектилерге, "Ч. Айтматов атындагы Рух-Ордо маданий борборуна" пландашылган.

Архив