Дин комиссиясы диний (ислам) окууларды берүүчү айымдарга үч күндүк окутуу семинарын уюштурду

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында диний (ислам) окууларды берүүчү айымдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жөнгө салынышы, коопсуздук маселелери, радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча үч күндүк окутуу семинарын уюштурду.

Иш-чаранын ачылышында КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын негизги максаты диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, диний сабаттуулугун жогорулатуу, адам укуктары, коомдогу туруктуулук, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана маалыматтуулугун кеңейтүү.

Семинарда КРнын ИИМ, УКМК, ДИМКнын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан тиешелүү кызматкерлери лекцияларды өтүшөт. 

Архив