КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жаңы дайындалган Епископу Савватий менен жолугушту

2022-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жаңы дайындалган Епископу Савватий менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, Орус православ чиркөөсүнүн активдүү катышуусунда Кыргызстандын Конфессиялар аралык кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлүп жаткан алдыдагы пландар жана иш-чаралар жөнүндө айтып өттү.

Өз кезегинде Епископ Савватий мамлекет тарабынан, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө көрсөтүлүп жаткан колдоону белгиледи.

Соңунда мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара бекемдеп, өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу зарыл экендигин белгилөө менен бири-бирине ийгиликтерди каалап жыйынтыкташты.

Архив