Москва шаарындагы иш-чара

2022-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров  Москва шаарында “Балдар биздин келечегибиз. Үй-бүлө биздин аманатыбыз” аталышындагы иш-чарага катышты.

“Ар бир мамлекет өз келечегин ойлосо, биринчи кезекте өз жарандарынын үй-бүлөлөрүнүн бекем болушуна шарт түзүү менен бирге балдардын денинин сак болушуна, туура тарбия жана билим алышына кызыктар”, -деп баса белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров. 

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир Ракиев, Кыргызстан Ислам университетинин ректору – Абдишүкүр Нарматов, Кыргызстан Ислам университетинин проректору Марс Ибраев сөзгө чыгышты.

            Иш-чарада 6 000ге жакын Москвада жашаган жана иштеген жарандарыбыз катышты.  


Архив