“Ислам биримдиги: концепция, мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар” аталышындагы эл аралык конференциясы

2022-жылдын 8-9-майында Бириккен Араб Эмираттарынын борбор шаары Абу-Дабиде “Ислам биримдиги: концепция, мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар” аталышындагы эл аралык конференция болуп өттү.

Аталган жыйын “Мусулман жамааттарынын дүйнөлүк кеңеши” эл аралык уюму тарабынан уюштурулду. Жыйынга Бириккен Араб Эмираттарынын Толеранттуулук жана чогуу жашоо министри шейх Нахьян бин Мубарак аль-Нахьян, Мусулман жамааттарынын дүйнөлүк кеңешинин төрагасы Али Рашид Аль-Нуайми, Фатва кеңешинин төрагасы шейх Абдулла бин Баййах, Египет Араб Республикасынын Кайрымдуулук министри Мохамед Мухтар Гомаа, Ислам кызматташтык уюмунун генералдык катчысы Хуссейн Абрагим Таха, Түрк Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш, Пакистан Ислам Республикасынын Дин иштери боюнча жана өз ара ынтымакта жашоо министри Абдуль Шакур Сардар Кхан, Азербайджан жана Тажикстан мусулмандарынын азирети муфтийлери, көптөгөн мамлекеттердин дин чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырган мамлекеттик органдардын жана диний жамааттардын башчылары жана өкүлдөрү катышты.

        Конференциянын негизги максаты катары ислам биримдигинин тарыхын жана анын жашоонун бардык аспектилерине тийгизген таасирин, ошондой эле адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндөгү ролун жана ислам динин түшүнүүнүн төмөндөшүнө алып келген тарыхый жагдайлар талкууланды.

         Эки күндүк иш-чара учурунда 100гө жакын илимий доклад окулуп, ар кайсы өлкөлөрдөн 105 спикер, анын ичинде диний, саясий жана академиялык уюмдардын өкүлдөрү, бир нече экс-президенттер, премьер-министрлер, азирети муфтийлер, илимпоздор, университет ректорлору, профессорлор, эксперттер, интеллигенция, изилдөөчүлөр жана искусство ишмерлери катышты. Жалпы жонунан 500гө жакын катышуучулар болду.

         Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын кызматкерлери катышышты.  


Архив