Стамбулда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Дин иштери жана дин башкармалыктын башчыларынын Биринчи Жыйыны болуп өттү

2022-жылдын 15-апрелинде Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин дин иштери жана дин башкармалыктын башчыларынын Биринчи Жыйыны болуп өттү.

Аталган жыйын Түрк мамлекеттер уюмунунун Башкы катчылыгы демилгеленип, Түркиянын Дин башкармалыгы (Диянет) тарабынан уюштурулду.

Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Багдат Амреев, Түрк мамлекеттер уюмунун астындагы Аксакалдар Кеңешинин төрагасы, экс- премьер- министр Бинали Йылдырым, Түркиянын Дин башкармалыгынын башчысы профессор Али Эрбаш, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Замир Кожомбердиев, Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Наурызбай Таганулы Отпенов ажы, Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Нуриддин ажы Халикназаров жана Азербайжандан Шейх ул-Ислам Аллашүкүр Пашазаде катышышты. 

Аталган жыйында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлеккеттик комиссиясынын директорунун орун басары Замир Кожомбердиев “Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бардык багыттар боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун дин иштери боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жыйыны мезгилдин талабы” экендигин белигилеп кетти.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши катары түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарындагы саммитте Түрк кеңешин мындан ары “Түрк мамлекеттер уюму” деп атоо чечими кабыл алынган. Уюмга соңку кезде Түркмөнстан да мүчө болуу ниети бар экендигин билдирген.


Архив