Координациялык жолугушууда Кыргыз Республикасындагы диний билим берүү маселелери талкууланууда

Бүгүн, 2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору Эл аралык уюмдун өкүлчүлүгү Saferworld менен өнөктөштүктө “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын 2021-2026-жылдарга карата Концепциясын” ишке ашыруунун алкагында долбоордук иш жүргүзгөн мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Координациялык жолугушууну өткөрүүдө. 

Координациялык жолугушууда Кыргыз Республикасындагы диний билим берүүдөгү кырдаалды терең түшүнүү жана талдоо, ошондой эле кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүндө максаттарды/милдеттерди координациялоо жана натыйжалуу жетүү үчүн дин чөйрөсүндө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымдоо максатында маселелер талкууланууда.

Архив