Диний уюмдардын отчеттору электрондук түрдө кабыл алынууда

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы Дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) эсептик каттоосунан өткөн диний уюмдар өздөрүнүн жылдык ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетторун берүүлөрү каралган.

Диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, шарттарын жеңилдетүү жана санариптештирүү максатында, 2020-жылдан тартып диний уюмдардын  жылдык иш-аракеттери боюнча отчетторун электрондук түрдө КР ДИМКнын расмий сайты аркылуу  кабыл алына баштаган.

Электрондук системага өтүү өз кезегинде диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жеңилдетип, мамлекеттик-конфессионалдык кызматташтыктын өнүгүүсүнө өбөлгө болууда.

Архив