Ысык-Ата районунун Киргшелк айылындагы көрүстөндөгү вандализм бул адепсиздиктин жана караңгылыктын кесепети

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров:

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Киргшелк айылындагы көрүстөндөгү вандализм, тактап айтканда, темир тосмолорду бузуу бул адепсиздиктин жана караңгылыктын кесепети. Баардык диндер көрүстөндөрдү бузууга жана зыян келтирүүгө багытталган аракеттерди жектейт.

Маркумдун туугандары тарабынан тургузулган айкел, жазуулар же тосмолор маркумдун урматына арналган буюм болуп саналат. Көрүстөндөгү мүлктөрдү уурдоо, жок кылуу бул бузукулуктун жана наадандыктын белгиси.

Болуп өткөн окуя көз артында калбайт. Бул окуя боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жагдайды өзгөчө көзөлмөлгө алуусу тийиш.

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бул факты боюнча укук коргоо органдары менен кызматташып, бардык конфессиялардын   өкүлдөрүн калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Архив