КР ДИМКга караштуу ДКИБ координациялык кеңешме өткөрүүдө

Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына (КР ДИМК) караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору ЮНФПА, Мутакалим менен биргеликте диний чөйрөдө долбоордук иш-чараларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өткөрүүдө. 

“Координациялык кеңешменин максаты - 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу менен бирге долбоорлор жөнүндө маалымат берүү жана долбоорлордун максаттарына/милдеттерине натыйжалуу жетүү үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүү”,- деп белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров. 

 Учурдагы жолугушуунун темасы кыргызстандыктардын, анын ичинде диний жамааттардын өкүлдөрүнүн репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча билимине, мамилесине жана практикалык тажрыйбасына, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы диний уюмдардын ролуна арналган.

Архив