"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө коомдук талкуу

Бүгүн, 23-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК)  "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүүдө.

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы №55-б «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топту түзүү жөнүндө» буйругун ишке ашыруу максатында жогорудагы мыйзам  долбоор иштелип чыккан.

“Долбоордун негизги максаты дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигин камсыздоодо мыйзамдарды өркүндөтүү жана системалаштыруу, диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, миссиялардын жана миссионерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу болуп саналат”, - деп белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров.

Мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жөнгө салуу боюнча диний чөйрөдөгү туруксуздаштырууга алып келген тобокелдиктерди, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды четтетүү, Конституциянын принциптерине ылайык мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу, укуктарды так аныктоо, диний уюмдардын жана мамлекеттик органдардын милдеттери жана жоопкерчилиги, жол-жоболук маселелерди иреттөө жана оптималдаштыруу, диний жааттагы маселелерде боштуктарды жана кемчиликтерди жоюуга багытталган.

Долбоорду талкуулоого мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышууда.

Эске салсак, ушул эле иш-чара 2021-жылдын ноябрь айында республиканын баардык облустарында өткөрүлгөн.

Бул иш -чара Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү Программасы, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгы жана "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Архив