КР ДИМК 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын презентациясын өткөрдү

Бүгүн, 26-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын презентациясын өткөрдү. Концепция мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Концепциянын максаты - мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

“Акыркы беш жыл аралыгында көп иштер аткарылып, 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу боюнча диний уюмдардын жардамы менен миңдеген иш-чаралар жүргүзүлүп, көп иштер жасалды. Эми биз алдыдагы беш жыл аралыгында диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш жүргүзөбүз”, - деп белгиледи Тойгонбай Абдыкаров. 

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана укук коргоочулар катышышты.


Архив