Дин комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Али Эрбашы менен жолугушту

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы
 Али Эрбашы менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кызматташууну, коомчулуктагы диний сабаттуулукту жакшыртуу, ислам баалуулуктарын туура жайылтуу, ынтымакка үндөө, ынак мамиле куруу жана  башка элдин маданиятын урматтоо жөнүндө талкуулар жүрдү.

КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу кенен токтолуп, диний билим берүү системасын жакшыртуу, диний кызматкерлердин сабаттуулугун жогорулатуу маселелерин баса белгилеп, иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

        Өз кезегинде профессор Али Эрбашы эки өлкө ортосунда дин чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк колго алынып, мамлекет тарабынан өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, радикализмдин жана экстремиздин алдын алуу боюнча биргеликте кызматташууну сунуштады. 

Архив