Бишкекте конфессиялар аралык марафон жарышы өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Бишкек шаарындагы “Ден соолук” эс алуу паркында диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон (3км) жарышын өткөрүүдө. 

“Мындай демилгелер   мамлекеттин туруктуулугуна, тынчтыгына жана өнүгүүсүнө чоң салымын кошот. Бүгүнкү марафондо жеке жактар жеңүүчү болбойт. Бүгүн бул жердеги бардык диний уюмдардын өкүлдөрү, жарандарбыздын толеранттуулугу, бири-бирине болгон сый-урмат мамилеси жеңет деп ишенем. Биздин максатыбыз арабыздагы достук көпүрөлөрүн куруу менен диалог аянтачасын түзүп, толеранттуу, патриот, эмгекчил, чынчыл, өз-ара кызматташа алган бекем коомчулукту куруу болуп саналат”,- деп белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров. 

Бул иш-чара конфессиялар аралык ынтымакты, ар кандай көз караштарды жана ишенимдерди сыйлоо принциптерин бекемдөө боюнча мамилелерди иштеп чыгуу, коомдо толеранттуулукту өнүктүрүү жана сергек жашоого үндөө, COVID-19дун жайылышын алдын алуу, ошондой эле, КР ДИМКнын  алдында иштеп жаткан конфессиялар аралык кеңештин ишин күчөтүү максатында өткөрүлүүдө. 

Бул иш -чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, Кыргыз Республикасындагы ЮНФПАнын өкүлчүлүгүнүн жана "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Архив