Ош шаарында «Ислам тынчтыктын тиреги» аталышындагы эл аралык конференциясы өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Ош шаарынын мусулмандар казыяты тарабынан Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун көмөгү менен уюштурулган «Ислам тынчтыктын тиреги» аталышында илимий-практикалык конференция жана анын алкагындагы иш-чаралар өтүп жатат. 

Эл аралык конференцияга Туркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү,  Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекистан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, диний уюмдардын  жана окуу жайлардын өкүлдөрү жана дин аалымдары катышышты. 

Иш-чаранын негизги максаты ислам дининин тынчтыкты жана ынтымакты орнотуудагы, радикализмге, экстремизмге жана терроризмге каршы түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруудагы орду жана ролу, мамлекеттик органдар менен диний бирикмелердин биргеликте иш алып баруусу, жалпы руханий жана маданий баалуулуктар, ар кандай ишенимдерди жана көз караштарды урматтоо, адамды сүйүү, толеранттулук принциптерин сактоо. 

Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Туркия Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк, Өзбекстан мусулмандарынын идарасынын (муфтиятынын) өкүлү, Ташкент шаарындагы «Убай ибни Кааб» жаами мечитинин баш имам-хатиби Абдулхаким Маткулов, Россия Федерациясынын Муфтийлер кеңешинин төрагасынын орун басары Дамир Мухетдинов, Казахстан Республикасынын мусулмандарынын Азирети муфтийи Наурызбай Утпинов менен жолугушту.

Конференциянын катышуучулары эл аралык деңгээлде биргеликте иш алып баруу, тажрыйба алмашуу  бардык жарандардын кызыкчылыктарын, ар бир элдин каада-салт, үрп-адаттарын сактоого, маданиятты жана салттуу баалуулуктарды өнүктүрүүгө, тынчтыкты камсыз кылууга чоң таасир тийгизээрин эске алуу менен, өлкөлөр арасындагы диний бирикмелеринин ортосундагы коңшулук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да бекемдөө керектиги боюнча бир пикирде экендигин баса белгилешти. 

Архив