Бишкекте "Халал парк" долбоору талкууланды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гулназ Исаева малайзиялык CSQLaw фирмасынын улук өнөктөшү Мадзлан Мохамад Хуссейн менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда “Кыргызстандагы «Халал парк» долбоору боюнча халал стандартка шайкеш келтирүү тууралуу сунуштар айтылып, диний чөйрөдөгү саясат, диний билим берүү жөнүндө маселелер каралып, фонддордун кайрымдуулук ишмердүүлүктөрү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуу тууралуу талкуулар жүрдү.

Архив