Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Россия Федерациясынын Улуттар иши боюнча федералдык агенттиги менен кызматташууну улантат

Үстүбүздөгү жылдын 13-18-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун  институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча  бөлүмүнүн башчысы К.Базарбаев баштаган жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Т. Абдыкаров катышкан Кыргыз Республикасынын делегациясы Россия Федерациясында иш сапарында.

Делегациянын курамына төмөнкүлөр кирет:

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун  институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча  бөлүмүнүн башчысы;

Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич - Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

Кожомбердиев Замир Сүйүмбаевич - Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;

Турсунбеков Замир Аманкович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти;

Ракиев Замир – Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи; 

Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, облус казылары;

Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил;

Жусубалиев Сүйүмбек - Кыргыз Республикасынын мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү.

Иш сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Улуттар иши боюнча Федералдык агенттигинин башчысынын орун басары С.А. Бедкин менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Россия Федерациясынын Улуттар иши боюнча Федералдык агенттигинин ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттагы багыттар боюнча тажрыйба алмашуу, диний билим берүү, ошондой эле диний басмырлоонун, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу сыяктуу кызматташтыктын багыттарын камтыган Меморандумга 2019-жылы март айында кол коюлган. 

Ошондой эле, иш сапардын жүрүшүндө Татарстан Республикасынын Президентинин Администрациясы, Москванын жана жалпы Рустун Патриархы Кирилл, Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, Татарстан Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармасынын жана Россия Ислам институтунун жетекчилери менен жолугушуулар күтүлүүдө. 

Архив