Мамлекеттер аралык диний чөйрөдөгү кызматташтык

Делегациянын иш-сапарынын алкагында Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун  институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча  бөлүмүнүн башчысы К.Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Т. Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи
 З. Ракиев жана Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Россия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы, Россия Федерациясынын мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы Р. Гайнутдин, Татарстан Республикасынын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси К.Самигуллин, Москва Патриархиясынын тышкы чиркөө байланыш департаментинин төрагасы Волоколамск митрополити Иларион, Москванын муфтийи жана Москва борбордук мечитинин башкы имамы И. Аляутдинов, Москва Мемориалдык мечитинин имам-хатиби Ш. Аляутдинов жана Россия Ислам институтунун (Казань) ректору Р. Мухаметшин менен жолугушуулар болуп өттү.

Делегациянын курамында КР ДИМКнын директорунун орун басары З. Кожомбердиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун  институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча  бөлүмүнүн эксперти З. Турсунбеков, КР ДИМКнын директорунун жардамчысы Б.Саадабаев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Россиядагы өкүлү С. Жусубалиев, муфтийдин жардамчысы А. Сыргабаев, КМДБнын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү
 А.Нарматов, Ф.Юсупов жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын мусулмандарынын казылары У.Сарыбаев, Н. Жээнбеков, А. Сагындыков жана Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы С. Атабаев, КМДБнын ажылык жана умра бөлүмүнүн башчысы Ж. Абдылдаевдер катышууда.

Жолугушууларда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүдөгү эки тараптык кызматташтык, конфессиялар аралык достукту бекемдөө, Кыргызстандын Конфессиялар Кеңеши менен Москванын Конфессиялар Кеңешинин ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле конфессиялар аралык достукту чыңдоого багытталган иш-чараларды өткөрүү (көргөзмөлөр, маданий жана көңүл ачуучу иш-чаралар, эки өлкөнүн аймагындагы диний жана тарыхый жерлерге экскурсиялар) маселелери талкууланды.

Архив