КР ДИМКнын директору Т. Абдыкаров Ибрахим Абдурахман Аль-Ради менен жолугушту

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим Абдурахман Аль-Ради менен жолугушту.

Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, ажылык, умра иштерин уюштурууну жандандыруу, экстремизмди алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, кайрымдуулук иштери жана эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерди түзүп, аларды жүзөгө ашыруу тууралуу талкуулар жүрдү.

 Ошондой эле, тараптар кыргыз-сауд кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ишеним билдиришти.

Архив