Талас шаарында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча жыйын өтүүдө

2021-жылдын 2-3-сентябрында  Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, диний уюмдардын жана  жарандык коомдун өкүлдөрүнө “Эгемендүү Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жана ислам дини” аталышындагы жыйын өткөрүүдө.


Иш-чаранын катышуучуларына КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу маалыматка кенен токтолуп, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле дин жаатындагы актуалдуу маселелер каралып, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча талкуулар жүрүүдө.

Архив