Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына 25 жыл

2021-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 25 жылдык иш-чарасы өтүүдө. Иш-чаранын максаты дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуулугун жана андан аркы артыкчылыктарын жогорулатуу.

25 жылдын ичинде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган коомдун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин чыңдоого, чыр-чатактын алдын алууга, ар түрдүү диндерди жана конфессияларды жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулукту орнотууга багытталган бир катар маанилүү милдеттерди жана программаларды ишке ашыра алды. Алардын ичинен "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы" жана "2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планына” коюлган максаттарды ийгиликтүү жүзөгө ашырууга натыйжалуу түрткү берди.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 25 жылдык иш-чарасынынын алкагында төмөнкү маселелердин чечими коюлат:

  • азыркы коом шартындагы КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишмердүүлүгүн талкуулоо;
  • диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын, академиялык коомчулуктардын өкүлдөрү жана мамлекеттик-конфессиялык мамилелер боюнча эксперттер катышууда.

Архив