Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров экстремизм менен күрөшүү боюнча эл аралык борбордун директору Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту

2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Бириккен Араб Эмираттарындагы “Хидаят” экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун директору Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту.

Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, диний билим берүү, экстремизмдин алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, диний уюмдардын жасап жаткан кайрымдуулук иштерин боюнча талкуулар жүрүп, жыйынтыгында тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жана достукту өнүктүрүүгө, чыңдоого ишеним билдиришти.

Архив