КР ДИМК "2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын" долбоору боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы "2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын" долбоору жана бул долбоорго карата иштелип чыккан Иш-аракеттер планы боюнча жумушчу топ менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү. Долбоор мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Концепциянын максаты - мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Архив