“2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикаксынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын” долбоорун талкуулоо

Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “2021-2026 жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын” долбооруна карата иштелип чыккан Иш-аракеттер планы боюнча коомдук талкуу өткөрдү. Талкууга жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. 

Концепциянын максаты - мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Архив